Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 36-сессиясы
2017-жылдын 20-июлу № 36-2
Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Чыгыш участкасынан жайыт жерлеринин багытын өгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан "Агро-Доор" ЖЧКна 2016-жылдын 13-июлунда берилген лицензияны жана №5 лицензиялык келишимди жана "Агро-Доор" ЖЧКнын жетекчилигинин 2016-жылдын 30-июлунда Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына жазган №9 катын карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан "Агро-Доор" ЖЧКна 2016-жылдын 13-июлунда берилген лицензияны жана №5 лицензиялык келишимди жана "Агро-Доор" ЖЧКнын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына жазган катына негиз Көк-Жар айыл аймагынын "Абшыр-Чыгыш" участкасынан таштуу жайыт жерлеринен көмүр кенин казуу багытында иш аракеттерди жүргүзүүгө лицензияда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын "Жер учаскаларын трансформациялоо жөнүндөгү" Мыйзамдарына ылайык Көк-Жар айыл аймагынын "Абшыр-Чыгыш" участкасынан 96 (токсон алты) га асылдуулугу төмөн болгон жайыт жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер категориясына" "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, когоонун жана башкалардын жерлери" категориясына которуп берүү (трансформациялоо) жагы Ноокат райондук администрациясынан суралсын.
3. "Агро-Доор" ЖЧКна көмүр кенин иштетүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ажыратылып берилген 96 (токсон алты) га жер аянтын пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин пайдаланылган жер аянтын кайрадан калыбына келтирип, реконструкциялап берүү жагы "Агро-Доор" ЖЧКна милдеттендирилсин.
4. Жогоруда асылдуулугу төмөн деп табылган жайыт жеринин максаттуу багытын которууга (трансформациалоого) байланышкан тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сакто, спорт, жаштар менен иштөө дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |