КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 36-сессиясы
2017-жылдын 20-июлу № 36-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун билдирүүсүн караган мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 19-июлундагы №6 чечимин айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 19-июлундагы №6 чечими колдоого алынсын.
2. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Самсунг" эксковаторунун ушул убакка чейинки айдоочусу А.Алимовдун аткарган жумуштарынын төлөмдөрү 15 күндүн ичинде төлөп берилишин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |