Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябры №75
Калкты жумушчу орун менен камсыз кылуу бонча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Манас райондук эмгек ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн башчысы Г.Шеримбаеванын 2010-жылдын 10 айында калкты жумушчу орун менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштеринин маалыматын угуп, талкуулап манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук эмгек ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн башчысы Г.Шеримбаеванын 2010-жылдын 10 айында аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.(тиркелет)
2. Районубуздагы жакырчылыкты жоюу максатында, жумушсуз статусун кыскатуу, азайтуу үчүн айыл өкмөттөрү менен тыгыз иш алып баруу жагы суралсын.
3. Райондун аймагындагы жеке ишкерлерге бизнестерин өнүктүрүгө көмөк көрсөтүүдө адистердин квалификацияларын жогорулашына жана экинчи адистик боюнча окутуу иштерин жүргүзүү жагы каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин “Билим, маданият, ден-соолук жана социалдык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына (Садырова Г) жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңештин төрагасы: |
Кузебаев Е.Т. |