Редакцияот 11.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы

 

2016-жылдын 11-майы № 27/3

Кочкор айылынын И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдын менчик элеринин шериктештиги боюнча 2016-жылдын  18-апрелиндеги №124-буйругун бекитүү жөнүндө

Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-апрелиндеги №124-буйругун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылынын И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдын менчик элеринин шериктештиги боюнча 2016-жылдын 18-апрелиндеги №124-буйругу бекитилсин.

2. Кочкор айылынын И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдагы турак-жайлардын жана турак-жай эмес жайлардын менчик ээлеринин «Жылуу үй-28» шериктештиги түзүлсүн жана уставы бекитилсин.

3. «Жылуу үй-28» шеритештиги жана уставы боюнча иш алып баруу И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдын менчик ээлерине тапшырылсын.

Төрага

А. Аситов