Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 13
Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Республикалык бюджетинен кошумча бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө
Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Республикалык бюджетинен кошумча бөлүнгөн 500 000 (беш жүз миң) сомдук каражат төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
2. Куйручук айылынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруучу лампаларды орнотуу үчүн 200 000 (эки жүз) миң сом.
3. Куйручук айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында кошумча насос сатып алуу үчүн 100 000 (жүз миң)
4. Куйручук айылындагы социалдык мекемелердин тегерегин тосуу үчүн 200 000 (эки жүз) миң сом бөлүнсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана бөлүнгөн каражаттардын мыйзамдуу пайдаланышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Асановко жүктөлсүн.
Төрага | К. Чокоев |