Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 11
Каргалык айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн аткарылышы боюнча финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын отчету жѳнүндѳ
Каргалык айьш ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн аткарылышы боюнча финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын отчетун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каргалык айьш аймагьшын айьл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тьппкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тиешелүү материалдар менен толук камсыз кыла албагандыгьша байланыштуу 2016-жыл ичинде жүргүзгѳн иши кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын жана ииггеги кетирилген кемчиликтери үчүн чара кѳрүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
Каргалык айьл ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бекитилген киреше бѳлүгү 38082,3 миң сом болуп бекитилсе, 2016- жылдын киреше бѳлүгүнүн такталган планы 34472,3 миң сом болгон. Ал эми иш жүзүндѳ 31784,3 миц сомду түзүп, 92,2 % ке аткарылган же бюджетке -2688,0 миң сомдук кошумча киреше кем түшкѳн жана чыгаша бѳлүгү 42967,6 миң сомду түзүп, 91,4% ке аткарылгандыгын кѳрсѳтүү менен бюджетке чегерилүүчү салыктын айрым бир түрлѳрүнүн аткарьлбагандыгы белгиленсин.
Каргальк айьш ѳкмѳтүнѳн 2016-жьшда бюджеттин кошумча киреше булактарын табууга жана толуктоого карата Каргальк айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы иш жүргүзүп жаткан Макмал алтын комбинатынан жана башка ишканалардан, мындан сырткары акиташ, туз, кызыл кум, шагыл алынуучу карьерлерден мыйзам талабына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлѳрү толугу менен такталып, убагьшда бюджетке түшүрүү боюнча иш болбогондугу белгиленсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин 22-ноябрь, 2016-жылдагы XXXII сессиясынын №63 токтомунун 3-пунктунда Каргалык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнѳ 2016- жылга карата такталган план боюнча айрым салыктын түрлѳрүнѳн план аткарылбай калгандыгын эске алуу менен пландан чыгуу жагы кирешелер боюнча башкы адис Т.Акматовага милдеттендирилгендигине карабастан жетиштүү деңгээлде иш алып барылбай калгандыгы белгиленсин.
5.2016-жылга «Таза кызмат» ишканасынан түшүүчү каражат ѳндүрүлбѳй жаткандыктан 2017 - жылдын алты айлык отчетуна чейин элдеги карыз чогултулуп тиешелүү адистердин отчету алынсын.
Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргальк айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсьш.
Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
Бул токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикальпс байланыш боюнча» туруктуу комиссиясьшын тѳрагасы А.Мейманбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |