Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 12
2016-жылда Каргалык айыл ѳкмѳтүндѳ жүргүзүлгѳн иштер тууралуу Каргалык айыл ѳкмѳтүнүн бангчысынын орун басары Ж.Тотуевдин отчету жѳнүндѳ
2016-жылда Каргалык айыл ѳкмѳтүндѳ жүргүзүлгѳн иштер тууралуу Каргалык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевдин отчетун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016- жылда Каргалык айыл ѳкмѳтүндѳ жүргүзүлгѳн иштер кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсьш.
2. 2016-жьшдын жыйынтыгына карата бекитиЛген бюджетинин киреше бѳлүгү 38082,3 миң сом болуп бекитилсе, 2016- жылдын киреше бѳлүгүнүн такталган планы 34472,3 миң сом болгон. Ал эми иш жүзүндѳ 31784,3 миң сомдук киреше ѳндүрүлүп, 92,2% ге аткарылган же бюджетке -2688,0 миң сомдук кошумча киреше кем түшкѳн жана чыгаша бѳлүгү 42967,6 миң сомду түзүп, 91,4% ке аткарылгандыгын кѳрсѳтүү менен бюджетке чегерилүүчү салыктьш айрым бир түрлѳрүнүн аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айылдьк Кеңеши тарабынан 11.02.2016- жылдагы кезектеги XXVI сессиясында кабьл альнган №9 токтомунун 1, 2, 3-пункттары, 24.02.2016- жылдагы XXVII сессиянын №15 токтому, №16 токтомунун 2-пункту, 22.07.2016- жьлдагы XXX сессиясында кабыл альшган №48 токтому, №49 токтомунун 3- пункту, №50 токтомунун 2-пункту аткарылбай келгендиги белгиленсин.
4 .Каргалык айылдык Кеңешинин жогоруда аталган токтомдорунун пункттары аткарьлбагандыгьн эске алуу менен тиешелүү адистерге чараларды кѳрүү жагы каралсьш.
5. Каргалык айыл аймагында айыл ѳкмѳт тарабынан айрым жумуштар боюнча ѳз деңгээлинде иш алып барылбагандыгы жана айылдык кеңеште кабыл альшган токтомдордун аткарылышына салкын мамиле жасалгандыгы белгиленсин.
6. Каргалык айылдык Кеңешинин 22-ноябрь, 2016-жылдагы XXXII сессиясында кабьл алынган №62 токтомунун 3-пунктунда «Муниципалдык ишканага жалпы кызмат кюрсѳтүүдѳгү жыл ичинде берилген план 1000,0 сом болсо, аткарууга алынганы 292,2 миң сом гана болгондугу, элдеги кызмат кѳрсѳтүүдѳн түшкѳн 417,9 миң сомду 2016-жылдын 30-декабрына чейин тѳктүрүү жагы милдеттендирилгендиги жана 2016- жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен толук кандуу иш альш барбагандыгы үчүн "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовго сѳгүш жазасы берилгендигине карабастан айыл ѳкмѳт тарабынан тиешелүү чаралар кѳрүлбѳгѳндүгү жана берилген пландан 599,7 миң сомго кем аткарылгандыгы кѳрсѳтүлсүн.
7. Казарман айылындагы жѳѳ жолдорду, Чет-Булак айылындагы ички жолдорду жасоо колго алынбай келгендиги жана бул иштер боюнча иш-чараларды түзүп, иш жүргүзүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысыньш орун басары Ж.Тотуевге жана айыл башчылар: У.Чыбылдиев, Н.Балапановго милдеттендирилсин.
8. Турак жайларды инвентаризациялоо иштери 2014-жылдын сентябрынан бери сессияларда каралып иш жүзүнѳ ашпай келгендиги жана бул иштерди колго алуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
9. А.Абдраимов орто мектебинин жан «Айдай» бала бакчасьньн 2016-жылда жасалып бүткѳн курулуш иштери тууралуу жана суралып жаткан акча каражаты эмне себептен суралгандыгы боюнча айьл ѳкмѳт тарабынан тиешелүү адистерди тартуу менен комиссия түзүлүп тез арада каралсын жан бул боюнча жыйьнтыгы кийинки ѳтүүчү сессияда билдирилсин.
10. 2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттен толук каржыланьш келишимдеги кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳ бүткѳрүлбѳгѳн курулуштарды бир айлык мѳѳнѳттүн ичинде анализдеп, тиешелүү чараларды кѳрүү жагы айьл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын. ,
12. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтьша жарыялансын.
13. Бул токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланьпп боюнча» туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Меймановго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |