Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 7/4
Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин (Vl) шайланган кезектеги lV сессиясы Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо боюнча жүргузүлгөн иштери көңүлгө алынсын.
2. Милдеттендирилсин айыл өкмөткө
· Айылдардын социалдык-экономикасын көтөрүү, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, инфраструктураларын жакшыртуу үчүн инвесторлорду тартуу;
· 2017-жылга салык топтоо болжол планын салыктын түрлөрү боюнча сапаттуу аткарууну камсыз кылуу
· Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын директорлору менен бирдикте айыл өкмөттүн аймагындагы 5,5 тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим менен толук кандуу жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жаштарга сапаттуу билим алууга шарттарды түзүү
· Турмуштун оор кырдаалга калган үй бүлөөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү;
· Айыл өкмөттүн 2017-2018 жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу жана 2017-жылдын 01-мартына чейин бекитүү
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Акматов |