Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 8/4
Жазы айыл өмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2018-2019-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө
Жазы айыл өмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2018-2019-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык Кеңешинин бюджет, экономикасы, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын алып каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү – 20442,3 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 20442,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашаларды 21307,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктарды чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңдөөчү грантардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 170,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү грантардын эсебинен коммуналдык чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарды жоопкерчилик тартышаары белгиленсин
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин кирешесине алынаары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2017-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмдө белгиленсин
12. Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган 2324,8 миң сом акча каражаты 2017- жылдагы бюджетти аткаруу чегинде сметанын негизинде каржылоо сунуш кылынсын
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |