Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 9/4
Жазы айыл өкмөтүнүнүн аймагындагы мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин Vl чакырылышынын кезектеги lV сессиясы мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүүнү мектеп администрациясы, педколлектив, РИИБнүн кызматкерлери, ата-энелер комитети, соц. педагог жана организаторлор тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер өз деңгээлинде эместиги белгиленсин.
2. Мектептерде “мектеп рэкети”, “лидер”, “тоноо”, “наркомания”, “таксикомания”, “кароосуз калган бала” жана башка сыяктуу терс көрүнүштөрдү жоюу максатында иш-чаралар түзүлүп иштелип чыксын.
3. Кылмыштуулукка шектүү балдардын ата-энелерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилигин кароо жагы аксакалдар сотуна, айыл башчыларга, аймактык тескөө кызматкерлерине, аялдар кеңешине милдеттендирилсин.
4. Мектептерде кылмыштуулукка шектүү балдарды аныктап, алардын тизмесин алуу, каттого коюу жагы соц. педагогдорго жана ИДН, аймактык тескөө кызматкерлерине, айыл өкмөтүнүн соц.маселери боюнча бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Кара-Дыйкан айылында айылдык Кеңештин депутаттарынан жаштардан, Т.Ташмаматов мектебинин педагогикалык коллективинин өкүлдөрү менен түзүлгөн топ график түзүп, рейдтерди жүргүзүү жагы айылдык Кеңештин жаштар саясаты спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жазы айылдык Кеңештин соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага | Б.Дыйканбаев |