Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 1
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетунда 2017-жылдын 01-январына карата калган 735528 сом акча каражатын 2017-жылга карата атайын өз багытындагы жумуштарды каржылоого бөлүп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетунда 2017-жылдын 01-январына карата калган 735528 сом акча каражатын MSDSP KG коомдук фонду менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык пайдалануу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетунда 2017-жылдын 01-январына карата калган 735528 сом акча каражаты төмөнкүдөй иштерди каржылоого жумшалсын:
А) Ош – Бишкек автотрассасын бойлото көчө жарык тандыргычтарын орнотууга
- 656565 сом.
Б) «Назик» балдар бакчасын оӊдоого – 78965 сом.
Бардыгы: (жети жүз отуз беш миӊ беш жүз жыйырма сегиз) 735528 сом.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн (Т. Туйбаев).
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |