Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 17-январы № 2
Отуз-Адыр айылдык аймагынын «Зымырык» участкасына таза суу кампасын курууга уруксат берүү жана таза суу кампасынын долбоорун каржылоо жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу «Котур-Булак» коомдук таза суу ишканасы тарабынан даярдалган айыл аймагынын «Зымырык» участкасындагы сыйымдуулугу 300 м3 барабар 4691,189 миң.сомдук суу кампасынын долбоорун,суу кампасын куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын документин карап чыгып жана калкы 2,0 миңдей «Зымырык» участкасынын жашоочуларынын суроо-талаптарын эске алып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Отуз-Адыр» айыл аймагынын «Зымырык» участкасына таза суу кампасын курууга уруксат берилсин.
2. «Зымырык» участкасына курула турган сыйымдуулугу 300 м3,сметалык баасы 4691,189 миң.сомго барабар болгон таза суу кампасынын долбоору жактырылсын.
3. Ушул долбоорду каржылоо маселесин чечип берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура,курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинен суралсын.
4. «Зымырык»участкасына таза суу кампасын куруу маселеси менен байланышкан иштерди алып баруу айыл өкмөтүнүн башкы адиси Төрөмурзаев Тариэлге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидинге жүктөлсүн.
Төрага | А. Беделов |