Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )

 

2017-жылдын 24-февралы № 7

Отуз-Адыр айылдык аймагындагы №12 «Отуз-Адыр» орто мектебине Базибай уулу Асанбектин ысымын берүү жөнүндө

№12 «Отуз-Адыр» орто мектебинин педагогикалык кеңешинин протоколун карап чыгып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы №12 «Отуз-Адыр» орто мектебине Базибай уулу Асанбектин ысымы берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы мектептин директору М.Абдрасуловго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)

 

Төрага

А. Беделов