Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 17
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2017 – жылдын 01 – январына карата калган 2079,8 миң сом акча каражатынын эсебинен 2017 – жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Атамбиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017 – жылдын 01 – январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 2079,8 миң.сом.акча каражаты
· Соттун чечимин аткарууга 346,9 миң.сом.
· «Ыйман адеп жана маданият жылы» жылына иш чараларга жана өзгөчө кырдаалдар маселесине жыл жыйынтыгы боюнча 174,0мин.сом.
· Кыш-Абад айылына шагыл төгүүгө 258,5 миң сом
· Маданият уйун учурдагы оңдоого 160,0миң.сом.
· Спорттук майда шаймандарды мектептерге алууга жана эмеректерди жабдууларды алууга 88,0 миң сом.
· Отуз-Адыр айылынын Кара-Суу көчөсүнө жана Кыш-Абад айылынын Черемушка көчөсүнө трансформатор алууга 441,4 миң сом.
· «Назик-Гүлү» балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн проект даярдатууга 100,0 мин.сом.
· Билим берүү тармагына алынган көмүргө төлөөгө 26,0 миң.сом.
· Электр энергияга төлөө үчүн 260,0 миң сом.
· Отуз-Адыр айыл окмотунун кеңсесине эмеректерди жана жабдууларды алууга 70,0 миң сом.
· Айылдарды көрктөндүрүү жана таштандыларды чыгарууга 155,0 миң сом.
· Жыйынтыгы: 2079,8 миң сом.
· Бардыгы болуп 2079,8 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Туйбаев Т)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев.)
Төрага | А. Беделов |