Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты № 4
Казан –Куйган айыл аймагына ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө
Казан –Куйган айыл аймагындагы талаачылык жумуштарына, корукчуну, суу башчысын дайындоо, малдын бадасын, көчүп-конууну уюштуруу, жана техникалык кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө максатында Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Казан –Куйган айылында экинчи аңдан баштап, ылдыйды көздөй корукчу болуп Асеков Курманбек, дайындалсын айдоо жери бар ар-бир түтүндөн бир жолу 100 сом өлчөмүндө эмгек акысы үчүн төлөнүп берилсин.
2. Казан –Куйган айылында суу башчысы болуп –Карабагышов Турсунбек дайындалсын. Cугарылган 1га жер үчүн айыл тургундары тарабынан 200 сомдон берилсин.
3. Кара –Талаа участкасындагы “Орус -Булак” чөлкөмү тарапка корукчу болуп Н. Норузбаев дайындалсын. Эмгек акысы үчүн кайтарылган 1га жер аянты үчүн 100 сомдон же таңгакталган 2 боо чөп берилсин.
4. Кара –Талаа участкасындагы Талаа станынан ылдыйды көздөй Н. Норузбаев кайтарган чек аралыкка чейин Искенов Субан дайындалсын. Эмгек акысы үчүн кайтарылган ар-бир гектар жер аянты үчүн 100 сомдон же таңгакталган 2 боо берилсин.
5. Сугат сууну кезекке турбай өзүм билемдикке салып алган тургундарга 1 жолу 200сомдон андан кийинки жолу кайталанса, ар-бир жолкусуна 400 сомдон айып салынсын. Алынган айып суу башчысына берилсин.
6. Айдоо аянты катарында корулуп жаткан жер аянтынан түшкөн ар-бир мал үчүн кой –эчкиге 25сомдон, музоо-кулунга 50сомдон, уй-жылкыга 100 сомдон айып салынсын.
Башка айылдан мал түшсө жогоруда көрсөтүлгөн айып эки эселенген түрдө төлөнсүн. Алынган айып корукчуга берилсин. Корукка мингич ат түшсө жагдайын жараша корук үчүн минип корукту кайтарууга уруксат берилсин.
7 .Бада 2-майдан башталсын. Ал эми жайлоого көчүү 10-июнга чейин аяктасын. Жайлоодон көчүп келүү Казан –Куйган айылы,Кара-Талаа участкасынын тургандары оруп–жыйуу өнөктүгү аяктаганда көчүп келүү жагы милдеттендирилсин. Бул боюнча айыл өкмөт тарабынан учурунда кошумча маалымдалсын.
8. Эгинди жана табигый чөптү тебелеп зыянга учуратса, мал ээсине чыгымды толугу менен төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
9. Айдоо -1га жер үчүн 25литр күйүүчү май, эмгек акысы 800сом. Тырмоо, себүү 1га жер үчүн 10литр күйүүчү май, эмгек акысы 400 сом,үрөндү себүү-400сом.Шакап тартуу 1га үчүн 3 литр күйүүчү май, эмгек акысы 100 сом. Көп жылдык чөптү тырмоо 1га үчүн
10. литр күйүүчү май, эмгек акысы 150 сом.
11. Айыл өкмөтүнө караштуу техникага 1га жерге чөп чабуу Е-302 техникасы үчүн 8 литр күйүүчү май, эмгек акысы 800 сом.
Айыл өкмөтүнүн чөптү таңгактоочу трактору 10 литр күйүүчү май, эмгек акысы бир боосуна 5 сом.
Чөп чабуу урукка 25 литр күйүүчү май, эмгек акысы 2000 сом,эгин чабуу 1га жерге 25 литр күйүүчү май,1500 сом эмгек акысына.
12. Чөп тартуу Казан –Куйган айылындагы ак тамга чейин 5 литр күйүүчү май, андан ары 10 литр күйүүчү май, эмгек акысы 200сом. Кара –Талаадан ГАЗ 53 үлгүсүндөгү авто машинага 45 литр бензин, эмгек акысы 1000 сом. Башка техника менен 100 литр күйүүчү май, эмгек акысы 500 боого чейин 2000 сом, 500 боодон ашса 3000 сом болуп бекитилсин. ГАЗ-53 “Б” үлгүсүндөгү автомашина менен кум тартуу ар бир каттам үчүн 700 сом, топурак тартуу ар-бир каттам үчүн 600сом.
13 .1 метр аралыкты 2 метр тереңдикте казуу үчүн 200 сом. Күйүүчү май ичинде жолду, аңды жана башка иштерге түрттүргөн үчүн саатына 300 сом күйүүчү май ичинде.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына жана Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З. Эсенгуловго тапшырылсын.
Төрага | М. Шалтаев |