Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 27-февралы № 3/6
2017-жылга Кербен шаарынын калкынын үй жандыктарын идентификациялоо боюнча ветеринардык тейлөө сервисдери көрсөткөн кызматтардын убактылуу тарифтери жөнүндө
Аксы райондук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 08.02.2017-ж. № 05/20 жана Кербен шаарынын мэриясынын 20.02.2017-ж. № 3-34/89 кайрылууларында 2017-жылы Кербен шаарында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо иштери башталып жаткандыгына байланыштуу кызмат акынын тарифтерин бекитип берүүнү билдиришкен. Башкача айтканда, ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо үчүн эки бирканын баасы-37,76 сом. Бир кара малга эки бирка тагылат. Кызмат акы үчүн – 40 сом сунушталды. Жалпы чыгаша, бир мал үчүн -80,0 сом болору кайрылууда белгиленген.
Жогорудагы кайрылууларды жана фиансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 21.02.2017-ж. № 5 токтомун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2017-жылга Кербен шаарынын калкынын үй жандыктарын идентификациялоо боюнча ветеринардык тейлөө сервисдери көрсөткөн кызмат акы үчүн – бир кара малды биркалоого (идентификациялоо) -80,0 сом өлчөмүндө убактылуу тариф белгиленсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |