Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 27-февралы № 3/8
Кербен шаарынын тургуну Козуев Акылбек Үркүнбаевичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэри А.Апсаматовдун 23.01.2017-жылдагы № 3-34/22 кайрылуусун караган Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 07.02.2017-ж. № 1 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кербен шаарынын тургуну жеке ишкер Козуев Акылбек Үркүнбаевичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |