Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 27-февралы № 3/9
Айыл чарба багытында эмес муниципалдык жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кербен шаарынын муниципалдык жерлерин сатуу жана ижарага берүү боюнча иш-чараларын тартипке салуу мыйзамдуу аракеттерди жүргүзүү жана башкаруу максатында, КР Өкмөтүнүн “Муниципалдык жерлерди сатуу жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү” тууралуу №571-токтомуна жана Кербен шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 3-34/89 кайрылуусуна негиз,маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарындагы муниципалдык жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
– К.Мырзамамытов – Кербен шаарынын вице-мэри;
– С.Апсаматов – Кербен шаарынын мэриясынын жана мүлк боюнча жетектөөчү адиси;
– А.Чыныстанов – Аксы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын адиси
(макулдашуу менен);
– У.Нарбаев – Аксы райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын архитектору (макулдашуу менен);– Ч.Мамытов – Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасынын орун басары;
– Ы.Сарыев – Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты;
– Ж.Жуманазаров – Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты;
– Н.Айтмырзаев – Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты;
– М.Бактыяров – Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты;
2. Жер боюнча комиссияга,өзүнүн биринчи отурумунда уюштуруу маселесин карап төрага, катчысын шайлоо жагы тапшырылсын.
3. Жер боюнча комиссия КР Өкмөтүнүн 571-токтому менен белгиленген укук-милдеттердин негизинде аракеттенери белгиленсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |