Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 27-4/2
Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-январына калган калдык, кошумча бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймагына келип түшкөн кошумча акча каражатын Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-январына калган калдык, кошумча бюджеттин сметасын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагынын 2017-жылдын 01-январына калган калдык, кошумча бюджетинин Чеч-Дөбө айылынын мечитинин имаратын оңдотуу үчүн бөлүнгөн 50,0 миң сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнө сатып алынган экскаватордун күйүүчү майына жумшоого бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Н. Израилов |