Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 27-5
Кайыңды айылдык аймагынын 2017-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясынын кортундусунун негизинде Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджеттинин карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык өкмөтүнүн 2017- жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 6 096,8 миң сомго жана чыгашалар боюнча 6 096,8 миң сомго анын ичинен: теңдөөчү грант 3 436, 1 миң сомго, жайыт жерлеринен түшө түрган акча каражаты 278,6 миң сомго бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагынын аймагында жайгашкан мекеме – уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүүнү жүргүзүү жана аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
3. Кайыңды айылдык аймагында жайгашкан мекеме- уюмдар 2016-жылы жетишсиз каржыланган чыгымдары 2017-жылга каралган каражаттардын чектеринде каржылансын.
4. Жергиликтүү бюджетке чыгашадан киреше булагынан көп түшкөн каражаты финансы тарабынан ар кандай статьяларга чыгымдоого макулдук берилсин.
5. Өзгөчө кырдалдарды алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн 120,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
6. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсун (айлык акыны, соц.фонд, коммуналдык чыгымдар,электр энергияны, көмүрдү).
7. Айыл өкмөтүнө керек болгон учурда жыл ичинде сметада каралган, келишимдин негизинде түзүлгөн эмгек маяналары, ар кандай салтанаттуу мааракерлерди өткөрүүгө, резерв фондудагы, эмерек алуудан ар кандай чыгымдардан накталай акча каражатын алууга уруксат берилсин.
Төрага | Н. Израилов |