Редакцияот 29.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVX сессиясы

 

2015-жылдын 29-июну № 20/2

Кочкор айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын 1-июлуна карата бош калган

 каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кочкор айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын 1-июлуна карата бош калган каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кочкор айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарынан 2015-жылдын 1-июлуна карата пайдаланылбай калган бош 800000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

 

 1. Большевик айылындагы «Наристе-И» бала бакчасынын жылытуу системасын жаңыртууга ( контромаркаларын алып ордуна жылуулук от казандарын коюуга) - 200000 (эки жүз миң) сом

 2.Большевик айылындагы С.Исмаилов атындагы «Үкөк» орто мектебинин бир классынын чатырын чатырлоо үчүн- 35000 (отуз беш миң)

 3. Большевик айылындагы «Кайырма» каналын казып, ремонттоо боюнча - 40000 (кырк миң) сом

 4. Жарандардын кайрылуулары боюнча социалдык жактан колдоого өтө муктаж үй бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү үчүн - 80000 (сексен миң) сом.

 5. «Асель» бала бакчасынын ремонттоо иштери үчүн- 100000 (жүз миң) сом

 6. «Ак-Тилек» бала бакчасынын туалетин ремонттоо үчүн- 50000 (элүү миң) сом

 7. Медицина күнүнө карата -8500 (сегиз миң беш жүз ) сом

 8. Теңдик айылына келүүчү таза суу түтүк тармагына ремонт жүргүзүү үчүн -246500 (эки жүз кырк алты миң беш жүз) сом

 9.Шамен каналындагы курулмаларды оңдоо үчүн (Кочкор айылдарына суу кетүүчү арыктарды тазалоого) - 40000 (кырк миң) сом

 2. Жогорудага акча каражатынын пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү, бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Кочкор айлыдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Аситов