Редакцияот 20.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-апрели № 54/17-26

Юрьевка айыл аймагынын айыл чарба багытындагы

жерлеринин салык акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы №182 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Юрьевка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Юрьевка айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин салык акысынын өлчөмү мурдагы жылдардагы деңгээлде бекитилсин

-сугат жерлери -400 сом

-кайрак жерлери- 74,20 сом

-көп жылдык өсүмдүктөр- 213 сом

-чөп чабык жерлер- 29,70

-жайыт жерлери – 18

2. Юрьевка айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ч.Кульжигитовага:

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик-укутук актыларынын тизмесине каттасын.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Юрьевка айылдык кеңештин бюджет жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.

 

Юрьевка айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Эминов