Редакцияот 10.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-апрели № 4/3

 Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2012-жылга

 аткарылышын кароо жана 2013-жылга бюджетин бекитүү

.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  бюджетинин 2012-жылга аткарылышын кароо жана 2013-жылга бюджетинин долбоору такталып, өзгөртүү толуктоосу менен кийинки сессияда бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  бюджетин тактап кийинки сессияга сунуштоо Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Ибаковко тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.З. Мамыров