Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 26-апрели № 5/3
Чет-Нура айыл аймагына айыл өкмөтүнө караган айылдардын тургундарынын жалпы элдик чогулушунун токтомдорунун негизинде айыл өкмөтүнүн чыгыш саны №49 22-апрель 2013-жылдагы сунушун кароо
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган Ак-Кыя айылынын 18-апрель 2013-жылдагы №1 токтомун, Орто-Саз айылынын 20-апрель 2013-жылдагы №1 токтомун, Чет-Нура айылынын 16-апрель 2013-жылдагы №1 токтомун, Орто-Нура айылынын 23-апрель 2013-жылдагы № 3 токтомун, Ийри-Суу айылынын 25-апрель 2013-жылдагы №1 токтомун, Ак-Булун айылынын 16-апрель 2013-жылдагы №4 жалпы элдик чогулуштарынын токтомдорунун негизинде айыл өкмөтүнүн чыгыш саны №49 22-апрель 2013-жылдагы сунушу боюнча айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновдун билдируусун угуп жана талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган айылдардын жалпы элдик чогулуштарынын токтомдорунун негизинде:
· Айыл өкмөтү боюнча жер айдоонун 2013-жылга 1 га жерге наркы:
айдоо- 700 сом;
себуу - 300 сом;
тырмоо - 200 сом;
жалпы -1200 сом, күйүүчү май чыгымы 50 литр керектөөсү менен бекитилсин.
· Айыл өкмөтү боюнча 25-апрелден баштап корук корула баштасын. Корукка түшкөн 1 баш бодо малга - 300 сом, 1 баш майда малга- 50 сомдон айып салынсын. Салынган айып корукчуга эмгек акы катары пайдаланылсын.
Корукка түшкөн малдын ээсине малы корукка түшкөндүгү тууралуу эскертүү берилсин. Эскертүү берилгенден кийин мал ээси малын чыгарып кетпей, ортодо малы зыянга учураса (мал өлүп калса) айыл башчы, корукчу жооп бербеси мал ээсине билдирилсин
· Малды ички жана ортонку жайыттарга 5-майга чейин кечиктирилбестен кочурулсун, Сырткы жайытка 20-июндан кечиктирилбестен кочурулсун, кузгу оруп-жыюу жыйынтыкталмайынча алыскы жайыттан малдар кыштоого көчүрүп келбесин.
Көрсөтүлгөн убактан малчылар көчпөй ички жайытта калса жайыт акынын үч эселенген өлчөмү өндүрүлсүн.
· Мал багуунун толомдору майда жандыкка -25 сомдон, бодо малга - 200 сомдон, шаардын малына майда жандыкка-30 сомдон, бодо малга-200 сомдон бекитилсин.
Мал багуудан алган төлөмдөр малчыга эмгек акы катары пайдаланылсын.
· Эки-Нура ИСКААКБнын таза суу төлөмдөрү жан башына 15-сомдон, үйүнө суу алып кирүү акысы-5000 сомдон, мончолордун төлөмдөрү айына 200 сомдон бекитилсин.
2. Ак-Булуң айылында 1994-жылы там салууга 0,25 сотых жер алган тургундардын мыйзамдуулугу генплан боюнча текшерилип, мыйзамсыз берилгени аныкталса айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү жана Ак-Булуң айылынын генпланын мыйзам чегинде толугу менен тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси А.Барыктабасовко милдеттендирилсин.
3. Чет-Нура айылына бала бакчаны эски автогараждын мастерскаясынын ордуна куруу белгиленгендиктен токтом чыгарып берүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |