Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 26-апрели № 5/5
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы курулуп бүткөн мечитке ат берүү жөнүндөгү айыл элинин жалпы чогулушунун 10-апрель 2013-жылдагы токтомун бекитип берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылына элинин жаштарын ыймандуулукка тарбиялоо максатында айылдын тургундарынын жардамы менен мечит курулган. Бул мечиттин курулушуна Саляновдордун үй-бүлөөсү чощ салымын кошкон.
Жогорудагылардын негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы курулуп бүткөн мечитке ат берүү жөнүндөгү айыл элинин жалпы чогулушунун 10-апрель 2013-жылдагы токтому бекитилсин.
2. Чет-Нура айылөкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы курулуп бүткөн мечит «Салян атындагы мечити» деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновко тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |