Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 15-январы № 8/1
Айыл өкмөтүнүн жыл башынан
калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү боюнча мурунку каралып жыл аягына калган мектептерден сырткары, Ж.Саламатов орто мектебинин өтүнүч каты,
- Б.Бекжанов орто мектебинин кайрылуусу
- Айыл өкмөтүнүн китепканачыларынын кайрылуусу
- Төш-Булак башталгыч мектебинин кайрылуусу
- «Эки-Нура» СООППВ кайрылуусу
- Чет-Нура айылынын айыл башчысынын кайрылуусу
- Ж.Саламатов орто мектебинин кайрылуусу
- Төш-Булак ФАПтын кайрылуусу
- Орто-Нура маданият үйүнүн кайрылуусу
- Ийри-Суу айылынын бала бакчасынын кайрылуусу түшкөндүгүнө байланыштуу Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү 21-январь 2014-жылы өтүлүүчү сессияда кароого калтырылсын.
2. Жогоруда сунушталган кайрылууларды жеринде барып текшерип, кийинки сессияга сунуштоо айыл өкмөтүнүн эканомика-финансы, бюджет боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |