Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 15-январы № 8/7
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу
Алмазбектин арызын кароо жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу Алмазбектин Нарын суунун жээгиндеги өздөштүрүп алган 0,50га жерин мыйзамдаштырып берүүнү сурайт.
Арызды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу Алмазбектин арызы канааттандырылып 12-январь 2014-жылдагы Орто-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун №1 токтому жана Орто-Нура айылынын жер комиссиясынын 13-январь 2014-жылдагы №2 токтому бекитилсин.
2. Нарын суунун жээгиндеги өздөштүрүп алган 0,50га жер участогу Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү КР 2.07.1999-жылдагы №46 Мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна ылайык берилүүгө жатат.
3. Нарын райондук мамлекеттик администрациясына жайыт жерден сугат жерге которууга сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |