Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 29-апрели № 12/1
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылкы жазгы талаачылык иштери боюнча даярдыктары, көчүү-конуу, корук, мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жазгы талаачылык иштери боюнча жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
Айыл өкмөтү боюнча:
- 1-май 2014-жылдан ар бир айылда корук иштери башталсын;
- корукка түшкөн малдын ээсине ооз эки же кагаз жүзүндө билдирүү жиберилсин, угуп туруп малын чыгарып кетпесе, малы өлүп калса корукчу жооп бербей тургандыгы белгиленсин;
- корукка түшкөн малдан алынган акча каражатынын эсебин алуу айыл башчыга милдеттендирилсин (отчёту элге берилсин);
- 10-майдан ортоңку жайытка көчүрүү колго алынсын;
- 1-июндан алыскы жайытка көчүрүү колго алынсын;
- ортоңку жана сырткы жайытка өз убагында көчпөгөн жарандарга: биринчи - эскертүү, экинчи - административдик штраф, үчүнчү – тиешелүү укук коргоо органдарына берилсин;
- бодо малды багуу 200-250 сомго чейин, майда малды багуу 25-30 сомго чейин бекитилсин.
2. Айдап-себүүнүн тарифтери ар бир айылдын кабыл алынган токтомдордун негизинде бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |