Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 29-апрели № 12/4
Ак-Булуң айылына 2014-жылга бюджеттен бөлүнгөн акча
каражатынын максатын өзгөртүп берүү жөнүндө
Ак-Булуң айылына өткөн 2013-жылы клуб куруу пландалып, бюджеттен акча каражаты каралган.
Элдин планы өзгөрүлүп, таза суу куруу планы кирип жаткандыгына байланыштуу, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булуң айылына 2014-жылы бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын максаты өзгөртүлүп, клуб куруу үчүн эмес, таза суу куруу үчүн берилсин.
2. Бюджетти тактап, максатын статьялар боюнча өзгөртүп, Ак-Булуң айылынын таза суу муктаждыгына берүү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Болот уулу Максатка тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |