Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 25-июлу № 14/1
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 7-июль 2014-жылдагы
№870/04 катын сессияда талкулоо жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 7-июль 2014-жылдагы №870/04 катын сессияда талкуулап чыгып,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 7-июль 2014-жылдагы №870/04 каты талкууга алынгандыгы белгиленсин.
2. Спирт ичимдиктерин сатууга чектөөлөр киргизилгендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагында комиссия түзүлүп, жергиликтүү участкалык инспектору менен бирдикте түнкү рейдтерди уюштуруп берүү жагы Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Чет-Нура айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |