Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 25-июлу № 14/5
Орто-Саз айылынан «Бишкек-Торугарт» жолунун курулушуна карьер үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нарын райондук жер, жайыттар боюнча комиссиясынын отурумунун 4-июль 2014-жылдагы №12 протоколунда «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда жолго төшөлүүчү шагылдарды алууга Орто-Саз айылынан 0,22 га жер тилкесин берүүнү сураган.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап , Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда жолго төшөлүүчү шагылдарды алууга Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылынан 0,22 га жер тилкеси геологиялык изилдөөгө уруксаат берилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |