Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 8-августу № 15/2
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесине, депутаттардын Чет-Нура айылдык кеңешинин регламентинин 8-главасынын 8.8.-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча депутаттардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чет-Нура айылдык Кеңешинин 31-июль 2014-жылдагы кайрылуусун карап жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов айыл өкмөт башчысына берилген ыйгарым укуктарын, функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы белгиленсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго мындан ары айыл өкмөт башчысы катары иштебей тургандыгы боюнча ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесине ылайык Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновдун кызмат абалын чечип берүү жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т.Жанбоевден суралсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |