Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 8-августу № 15/3
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу Алмазбектин
Орто-Нура айылындагы сугат иштерин жөнгө салып
берүү жөнүндөгү сунушун кароо жөнүндө
Быйылкы жылы күн ысык болуп суу тартыш болду. Мурап сууну бөлүштүрүп берүүдө 1 га жерге 1 күн беришсе, сугатчы бир күндө бүтпөй график бузулат. Суу маселеси боюнча нааразычылыктар болуп жатат. Суунун суроосуз буруп кеткендер да жок эмес. Жолду жана аңыздарды жедиргендер да бар.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу Алмазбектин сугат иштерин жөнгө салып берүү жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2. Сууну туура эмес пайдалангандар үчүн штраф салуу жагы, ар бир айыл башчы жеринде чогулуш жазап сунуш алынып келингенден кийин чечилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |