ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 16/3
«Алтын Эмгекчил» жоопкерчилиги чектелген
коомунун кайрылуусу жөнүндө
«Алтын Эмгекчил» жоопкерчилиги чектелген коому Кок-Мойнок участкасын геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентиги тарабынан №3608АП 7-май 2014-жылы лицензия алып жогоруда айтылган участокко чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн уруксаат сурап жазган.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алтын Эмгекчил» жоопкерчилиги чектелген коомуна Кок-Мойнок участкасына геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксаат берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |