ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 16/4
Ак-Кыя айлынын ичиндеги бош жер тилкесин экиге бөлүү жөнүндө
Ак-Кыя айылында идентификациялык коду 4-05-18-1003-0145 менен сиситемдик каттоодон өткөн бош 2608чарчы метр жер тилкеси Нарын райондук соту аркылуу муниципалдык менчикке 9-октябрь 2014-жылы муниципалдык менчикке түштү деп табылып айыл өкмөтүнүн ээлигине берилген. Учурда Ак-Кыя айылында там салуу үчүн жер тилкесин сураган жарандар болгондугуна байланыштуу жогоруда айтылган жер тилкесин тең экиге бөлүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы идентификациялык коду 4-05-18-1003-0145 менен каттоодон өткөн 2608чарчы метр жер тилкеси тең экиге бөлүнсүн.
2. Турак жай куруу үчүн жер тилкесин сураган жарандарга жогорудагы жер тилкеси берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |