Редакцияот 31.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 31-январы № 3/2

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    V шайланган депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешине төмөндөгүдөй 3(үч) багытта туруктуу комиссиялары түзүлсүн.

 --- Саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү, соода, социалдык маселелер, энелерди жана балдарды коргоо маселелери боюнча.

--- Мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, адам укугу, жаратылышты коргоо, жаштар иши маселелери боюнча.

--- Бюджет, салык,транспорт жана байланыш, курулуш иштери жана жер реформасы маселелери боюнча.

 

Кара-Бүргөн айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

У. Кыдыров