КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 25-июлу № 12/62
Кош-Дөбө айыл аймагынын СПАнын жыл ичиндеги иштелген иштери тууралуу
отчетун угуу 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Мандат, Депутаттык иш этика жана коомдук тартипти сактоо агрардык жер реформасы жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелер боюнча туруктуу комиссиянын Т.Ибраимовдун жана “Кара-Күңгөй Үкөк Суу “ СПАсынын башчысы М.Шаршеналиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мандат, Депутаттык иш этика жана коомдук тартипти сактоо агрардык жер реформасы жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелер боюнча туруктуу комиссиянын Т.Ибраимовдун жана “Кара-Күңгөй Үкөк Суу “ СПАсынын башчысы М.Шаршеналиевдин маалыматтары эске алынсын.
2. “Кара-Күңгөй Үкөк Суу“ СПАсынын 2014-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин.
3. “Кара-Күңгөй Үкөк Суу“ СПАсынын мурунку жылдардагы иш кагаздарын туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана айыл өкмөтү менен бирдикте тактап тийишүү жыйынтык чыгаруу жагы тапшырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсы
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |