Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 25-июлу № 12/64
Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күнгөй, Кара-Саз ИСКАКБларынын
2014-жылга карата бюджеттин бекиттүү жөнүндө
Социалдык маселелер, электр энергия билим берүү жана саламаттыкты сактоо комиссиясынын төрагасы Айталиев Бактыбектин, Кош-Дөбө айыл аймагындагы “Түз Булак Чон Суу”, ”Үкөк Суусу” ИСКАКБларынын башчылары Ч.Мурсабаева, Ы.Мамырбаевдердин 2014- жылга карата түзүлгөн бюджетин угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүу жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматын эске алынсын.
2. “Түз Булак Чон Суу”,”Үкөк Суусу” ИСКАКБларынын башчылары Ч.Мурсабаева,Ы.Мамырбаевдердин 2014-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин.
3. “Түз Булак Чон Суу” ИСКАКБнын башчысы Ч.Мурсабаева суу киргизгендерге алынган 5000 сомдун 3000 сому суу киргизгенге 2000 сому суунун акысы үчүн кириштелип квитанция берүү жагы милдеттендирилсин.
4. “Үкөк” суусу ИСКАКБнын башчысы Ы.Мамырбаев бюджетте көрсөтүлгөн каражатты толугу менен чогултуу, төлөбөгөн тургундарга тийиштүү чара көрүү жагы тапшырылсын. 5. Суу башаттары толук көзөмөлгө алынсын.Жылына эки жолудан тазаланып хлорлоп туруу жагы “Түз Булак Чон Суу”, ”Үкөк Суусу” ИСКАКБларынын башчылары Ч.Мурсабаева,Ы.Мамырбаевдерге милдеттендирилсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |