Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 21-октябры № 13/66
Кош-Дөбө айыл аймагында 2014-жыл “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата”Кара-Күңгөй Кара-Саз айылдарынын клуб, китепканаларында жүргүзүп жаткан иштеринин абалы тууралу
Кош-Дөбө айыл аймагында 1 маданият үй, 1 клуб 2 китепкана бар. 2014-жыл “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялангандыктан иштей турган иштердин багыты ушул теманын негизинде жүргүзүлгөн. “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата” лозунгттар илинген айыл аймагында сергек жашоого үндөгөн “Кош жылдыз” , ”Сармерден” сыяктуу оюн зооктор уюштурулуп мындан башка дагы мааракелер белгиленип келген. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык клуб, китепканалардын ишине көзөмөлдүктү күчөтүү уюштуруучулук жөндөмүн жогорулатуу. Элибиздин каада салт, үрп адаттарын башка маданий мурастарын эл арасында кеңири жайылтылышына салым кошуп маданий иш чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу, түзүлгөн иш планды аткарууга жетишүү, ар бир маданият кызматкерине милдеттендирилсин.
2. Китеп фондуларын толукталып турушуна ар дайым камкордук көрүү элге берилген китептерди өз мөөнөтүндө кайтарылышын катуу көзөмөлдүккө алуу абоненттердин формулярынын так толтуруп туура жүргүзүлүшун дайым көзөмөлдүккө алуу жагы китепкана башчыларына тапшырылсын.
3. Маданият кызматкерлеринин иштөө тартибин так сактап ишке болгон жоопкерчиликтерин көтөрүү жагы айыл башчы Н.Жумалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |