Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 21-октябры № 13/68
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылын бийик тоолуу оор шартта
жайгашкан калктуу конуштун тизмесине киргизүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылы бийик тоолуу оор шартта жайгашкан калктуу конуштун тизмесине кирбегендиги иштеген адамдар үчүн жана мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар төлөнбөй жаткандыгына байланыштуу Кара-Саз айылынын жашоочуларынын суроо талаптарын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу оор шартта жайгашкан жана иштеген адамдар үчүн малекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамынын 2 жана 1 (1) - статьяларына ылайык Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын байланыш бөлүмүнүн жайгашкан орду деңиз деңгээлинен 2013,269 метр бийиктикте болгондуктан Кара-Саз айылын бийик тоолуу оор шартта жайгашкан калктуу конуштун тизмесине жеринен изилдетип киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылын бийик тоолуу оор шартта жайгашкан калктуу конуштун тизмесине киргизүүгө тийиштүү документтерди топтоп берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Абыкеевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Абыкеевге милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |