Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 21-октябры № 13/69
Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын тапшырмасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттк салык кызматы, накталай эмес түрүндөгү салык органдары арасында коррупцияга каршы күрөшүү максатында 30- сентябрь 2014-жылда өзүнүн №215 “04-февралындагы квитанцияларында колдонууну чектөө тууралуу” буйругун кабыл алынгандыгын. МСКнын Кочкор району боюнча башкармалыгы Кочкор районунун аймагында форма 04 квитанциясын пайдаланууну 1-октябрдан баштап токтотту. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде салык төлөөчүлөргө салык төлөөлөрү үчүн форма 04 квитанциясын пайдалануу 1-октябрь 2014-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн аймагында токтотулсун.Кош-Дөбө айыл аймагынын 10.10.2014- жылдагы № 62 буйругу бекитилсин.
2. Ар бир салык төлөөчү өзү банктан көрсөткөн кызматынын акысын кошуп, идентификациялык салык номерин көрсөтүү менен банкка төгүү жагын түшүндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Банкка төгүүгө мүмкүнчүлүгү жок салык төлөөчүлөргө убактылуу китеп, ведомость ачып, банктын кызматын кошуп алуу менен 3 күндүк мөөнөттө банкка чогулган салыктарды төгүүнү камсыз кылуу жагы салык инспектору Н.Узбековага тапшырылсын.
4. Чогулган салыктарды 3 күндүк мөөнөттүн ичинде банкка төгүлүшүн көзөмөлдөө, учетун жүргүзүүнү камсыз кылуу жагы башкы эсепчиси С.Капаровго тапшырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башкы эсепчи С.Капаровго тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |