Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 15/78
Кара-Саз айылына бала бакча ачуу үчүн имарат бөлүп берүү жөнүндө
Кош-Дбоө айыл аймагынын муниципалдык менчигинеде турган Кара-Саз айылындагы мурунку СВАнын эски имараты бир топ жылдардан бери жамааттык уюмдарга арендага берилип келген.Кийинки убактарда алардын дагы иштери токтоп калган.Бүгүнкү күндө элдин муктаждыгы болуп жаткан бала бакча ачуу үчүн элдин суроо талаптарын аткаруу максатында депутаттардын Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган СВАнын мурунку имараты бала бакча ачуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2 . Кош-Дөбө айыл аймагы жана “ Бекбол ” жамааты менен түзулгөн келишим токтотулсун.Бала бакча ачуу үчүн бөлунүп берилген имараттын тийиштүү документтерин топтоп берүү жагы башкы бухгалтер С.Капаровго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |