Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын II сессиясы
2013-жылдын 8-январы № 2/1
Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын
туруктуу комиссияларын түзүү жана комиссиянын тѳрагаларын дайындоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 1
1) Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын туруктуу комиссияларын түзүү Жана комиссиянын тѳрагаларын дайындоо
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын тѳмѳндѳгүдѳй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
а) мандат комиссиясы
б) медицина жана берүү комиссиясы
в) маданият, спорт, туризм, укук жана этика комиссиясы
г) Финансы-экономика, коомдук, жана эл аралык уюмдар менен иштѳѳ комиссиясы
д) Айыл-чарба, суу, жер иштетүү комиссиясы
2. Түзүлгѳн комиссиялардын тѳрагалыгына жана мүчѳлүгүнѳ тѳмѳндѳгү депутаттар дайындалсын:
а) мандат комиссиясынын тѳрагалыгына Кѳбѳшов Дамир, мүчѳлүгүнѳ Г.Дүйшеева, Д.Шамбеталиева бекитилсин;
б) медицина жана берүү комиссиясынын тѳрагалыгына Аскаров Замир, мүчѳлүгүнѳ Кубанычбек уулу Мирбек, Д.Шамбеталиева бекитилсин;
в) маданият, спорт, туризм, укук жана этика комиссиясынын тѳрагалыгына Дербишов Бакыт, мүчѳлүгүнѳ Дүйшеева Гүлбүбү, Кубанычбек уулу Мирбек бекитилсин;
г) Финансы-экономика, коомдук, жана эл аралык уюмдар менен иштѳѳ комиссиясынын тѳрагалыгына Муктарбеков Муратбек, мүчѳлүгүнѳ С.Жусупова, Г.Бейшенбеков бекитилсин;
д) Айыл-чарба, суу, жер иштетүү комиссиясынын тѳрагалыгына Бейшенбеков Герман, мүчѳлүгүнѳ Кѳбѳшов Дамир, Муктарбеков Муратбек бекитилсин.
3. Жогорудагы түзүлгѳн комиссиялар «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 31, 33, 35 беренелеринин негизинде тиешелүү тармактар боюнча текшерүүгѳ, сунуш киргизүүгѳ, жардам берүүгѳ толук укугу бар.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |