Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын III сессиясы
2013-жылдын 12-февралы № 3/1
Жаӊы-Арык айыл округундагы кызматкерлердин
2012-жылдагы ишинин отчетун угуу жана айыл округ
башчысынын ишине баа берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе - 1
1) Жаӊы-Арык айыл округундагы кызматкерлердин 2012-жылдагы ишинин отчетун угуу жана айыл округ башчысынын ишине баа берүү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык инспектору Акшарова Т, аскердик каттоого алуу столунун инспектору Султангазиев Т, вет.адис Ш.Жунушалиевдердин иши канааттандырарлык деп табылсын;
2. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары Р.Допоев, Базар-Турук Жана Кызыл-Эмгек айыл башчыларынын иши алты айлык отчет менен кайра каралсын. Кызарт айылынын айыл башчысы боюнча башка кадр тандоо жана үч күндүн ичинде дайындоо сунушталсын;
3. Таза суунун башчылары Сатарова А, Туйтеева М, маданият үйүнүн башчысы С.Сманова, китепканачы К.Тѳлѳмүшова, жайыт комитетинин тѳрагасы Р.Маарасуловдордун иштери алты айдын жыйынтыгы менен кайрадан баалансын, иш орду чечилсин;
4. Финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы Т.Султанкадыровдун иши боюнча кезексиз сессияда 2012-жылдын толук отчету угулгандан кийин баалансын, 2013-жылдын бюджетин бекитүү жагы каралсын;
5. Айыл ѳкмѳт башчысы М.Жумашүкүровдун иши канааттандырарлык эмес деп табылсын жана иш ордун кароо Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Исагуловго сунушталсын;
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |