ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 5/1
Жаӊы-Арык айылында таза суу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 1
1. Жаӊы-Арык айылында таза суу боюнча тарифтерди бекитүү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Арык айылында таза суунун линиясынан үйүнѳ, короосунун ичине суу киргизген абоненттер үчүн 5000 (беш миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ тариф бекитилсин (тарифти жогорулатууга болбойт);
2. Үйүнѳ, короосунун ичине суу киргизип, тарифтик сумманы тѳлѳй элек абоненттер үчүн 2013-жылдын 5-апрелине чейин мѳѳнѳт берилсин. Берилген убакытка чейин тѳлѳспѳсѳ 1000 (миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул салынсын;
3. Кѳчѳлѳрдѳгү колонкаларды тура эмес пайдаланса (картошка, жер-жемиш сугарса, суну курулушка пайдаланса, машина жууса, сууну жѳн гана агызып койсо) 2000 (эки миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул салынсын;
4. Жаӊы-Арык айылындагы иштеп жаткан банялар айына таза сууга 200 (эки жүз) сомдон тѳлѳшсүн;
5. Үйүнѳ, короосунун ичине суу киргизген абоненттерден суунун акчасын ѳндүрүү максатында тѳмѳндѳгүдѳй комиссия түзүлсүн:
а) Сатарова Аида – таза суунун башчысы
б) Туйтеева Майрам – таза суунун башчысы
в) Бейшенбеков Герман – айылдык Кенештин депутаты
г) Тойчуев Калыбек – участкалык инспектор
д) Айыл башчылар
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |