Редакцияот 02.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы

 

2013-жылдын 2-апрели № 7/2

Жаӊы-Арык айылында Жайыт комитетинин 2013-2017-жылдарга тарифтерин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе - 1

1. Жаӊы-Арык айылында Жайыт комитетинин 2013-2017-жылдарга тарифтерин бекитүү.

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын V-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттарга аянтарына чыккандыгы үчүн бодо жана майда жандыктар үчүн тѳмѳндѳгүдой тарифтер бекитилсин:

а) 1 баш бодо малга (уй, жылкы, топоз) – 60 сом, тѳлүнѳ алынбайт

б) 1 баш майда жандыкка (кой-эчки) – 12 сом, тѳлүнѳ алынбайт.

2. Жайыттарды башка максатта пайдаланууда тѳмѳндѳгүдѳй тарифтер бекитилсин:

     а) 1 га чабынды жерге 1 жылга – 500 (беш жүз) сом;

     б) 5 га дан ашса чабынды жер үчүн 1 жылга 1000 (миӊ ) сом (чабынды жердин

 жагдайына карата алынат)

     в) Туристтерди тосуучу боз үйлѳр үчүн – 2000 (эки миӊ) сом (иштеген убактан, иштеген

 убактысы аяктаганга чейин)

     г) Соода-сатыкка колдонуу 1 сотых жерге 500 (беш жүз) сомдон жогору, түшкѳн

 кирешесине жараша жогорулайт деп бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү жайыт комитетинин тѳрагасы

 Р.Маарасуловго тапшырылсын.

 

Жаңы-Арык айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жумаева