Редакцияот 02.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы

 

2013-жылдын 2-апрели № 7/4

Жаӊы-Арык айылынын санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыялоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе  - 1

1. Жаӊы-Арык айылынын санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыялоо   

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын V-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Айылдын санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык (март, апрель, май) жарыялансын;

Ар бир жуманын ишембиси айлана-чѳйрѳнү тазалоо, чогулган таштандыларды ташып чыгаруу, кѳчѳттѳрдү олтургузуу иш-чаралары ѳткѳрүлсүн;

Ишембиликти уюштуруу айыл ѳкмѳтүнүн башчысына, айыл башчыларга, мекеме жетекчилерине, кѳчѳ комитеттерине милдеттендирилип, үч айдан кийин жыйыктык чыгаруу тапшырылсын;

Айылдар боюнча тѳмѳндѳгү курамдан турган комиссия түзүлсүн:

а) Кызарт, Жаӊы-Арык айылдары боюнча

     К.Саралаев – айыл башчы

     Г.Бейшенбеков – айылдык Кенештин депутаты

     С.Жусупова – айылдык Кенештин депутаты

     Д.Кѳбѳшов – айылдык Кенештин   депутаты

     К.Тойчуев – уч. Инспектор

б) Базар-Турук айылы боюнча

     К.Бейшеналиев – айыл башчы

     Г.Дүйшеева – айылдык Кеӊештин депутаты

     Р.Молдобазаров - айылдык Кеӊештин депутаты

     Д.Шамбеталиева - айылдык Кеӊештин депутаты

     Б.Дербишов - айылдык Кеӊештин депутаты

     К.Тойчуев – уч.инспектор

в)  Кызыл-Эмгек айылы боюнча

     Т.Исмаилов - айылдык Кеӊештин депутаты

      Г.Дюшеева – врач

      З.Аскаров - айылдык Кеӊештин депутаты

      Кубанычбек уулу М - айылдык Кеӊештин депутаты

      К. Тойчуев – уч.инспектор

5. Түзүлгѳн комиссиялар үч айдын жыйынтыгын чыгарышсын. 4-июнда болуучу кезектеги сессияда текшерүүнүн жыйынтыгынын отчету берилсин.

6. Кѳчѳлѳргѳ, айылдын ичине таштанды тѳккѳн адамдарга 5000 (беш миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул салынсын.

 

Жаңы-Арык айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жумаева