Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 13/3
Айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер
салыгынын базалык өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык өлчөмүн аныктоо максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Он-Арча айыл аймагында суу баскан айдоо жерлердин жер салыгынын 1 гектарга базалык өлчөмү 98 сом болуп аныкталсын.
2. Он-Арча айыл аймагында кайрак жерлердин жер салыгынын 1 гектарга базалык өлчөмү 27сом 15 тыйын болуп аныкталсын.
3. Он-Арча айыл аймагында жайыт жерлердин жер салыгынын 1 гектарга базалык өлчөмү 2 сом 65 тыйын болуп аныкталсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу С.Арпачиевага милдеттендирилсин.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |