Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 318
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүне ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 180-статьянын 1-бөлүгүндөгү "каттоосуз" деген сөз "мамлекеттик каттоосуз, анын ичинде салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарында каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 212-статьяда:
1) аталышындагы жана 1 -бөлүктөгү "жеке" деген сөз "индивидуалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 1 -бөлүктөгү "ошого тете жалган жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулук эсеп-фактураларынын бланктарын колдонуусу" деген сөздөр алып салынсын;
3) эскертүүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 213-статьянын 1-бөлүгундөгү "ошого тете жалган жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулук эсеп-фактураларынын бланктарын колдонуусу" деген сөздөр алып салынсын.
4. 214-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"214-статья. Салык кызматынын органдарынын, Социалдык фонддун органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо жана аларга каршылык көрсөтүү
Салыктык контролдоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу салык кызматынын органынын жана Социалдык фонддун органдарынын кызмат адамын салык төлөөчүнүн жайына киргизүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошондой эле салыктык контролдоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон белгиленген тартипте таризделген документтерди салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө тапшырбоо же салык органдарына берүүдөн баш тартуу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 348-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык, администрациялык айыпка кабылган жак тарабынан документтерди толук эмес көлөмдө же бурмаланган түрдө берүү, ошого тете салык кызматтары салган пломбаларды жана мөөрлөрдү жулуп салуу, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5. 22-глава төмөнкүдөй редакциядагы 214'-статья менен толукталсын: