Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/4
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдик каада-салттардын, үрп-адаттардын, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдик каада-салттардын, үрп-адаттардын, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө Жоош айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы П.Мавлянованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдик каада-салттардын, үрп-адаттардын, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Эл арасында элдик каада-салттарды, үрп-адаттарды өткөрүүдө кетирилип жаткан ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча коомдук уюмдар, дин кызматкерлери, активтер, депутаттар менен бирдикте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Айылдарда ашыкча чыгымдарды, каада-салттарды кыскартуу боюнча комиссия түзүлсүн жана токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдар токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|